Бүгүн Манас шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешинин 91-жыйыны өтүүдө. Ага Россия Федерациясынын коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси, генерал Владимир Кулишов төрагалык кылууда. Отурумду Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ачып берди.
Жыйынга Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Россия чек ара ведомстволорунун делегациялары катышууда. Ошондой эле КМШ, ЖККУ, ШКУнун кызматташкан түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана Чек ара кызматтарынын ардагерлеринин эл аралык союзунун жетекчилери, Тажикстандын чек арага чектеш аймактарынын, Тоолуу-Бадахшан автоном облусу жана Согди облусунун жетекчилери катышууда.
Күн тартибинде КМШ мамлекеттеринин тышкы чек араларындагы абал жана өнүгүү тенденциялары баяндалууда. Чек ара аскерлеринин колбашчылар кеңешинин ишмердүүлүгү, ошондой эле терроризм, баңгизат трафиги жана кибер коркунучтарга каршы күрөшүү маселелери талкууланууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышуучуларга салам жолдоп, Жалал-Абад облусунун Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү рол ойноорун белгиледи.
Ал биргелешкен күч-аракеттер менен учурдагы коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу, бардык мамлекеттер үчүн коопсуз, туруктуу келечекти камсыздоого толук мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ошондой эле бардык катышуучуларга жемиштүү жана коопсуздукту чыңдоого багытталган натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну каалады.


