Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгы боюнча комментарий берип, кырдаал акыркы беш жылда кыйла жакшырганын белгиледи.
— Саламатсызбы. Садыр Нургожоевич акыркы убакта электроэнергиянын тартыштыгы маселеси коомчулукту тынчсыздандырган темалардын бири болууда. Жакында эле Кара-Көл ГЭСинин ачылышында сиз дагы бул көйгөйдүн чынында эле бар экенин айтып, маселе эки жарым жылдан кийин чечилерин билдирдиңиз. Бирок, айрымдар “бир аз чыдай тургула” деп беш жыл мурун эле айткан деп сын тагышууда. Ушул боюнча сиздин комментарий?
— Саламатчылык. 2020-жылы бир аз чыдай тургула деп айтканым чын.
Бирок, бул видеодогу сөздөрдү Нарын эли менен 2020-жылы ноябрда жолукканда айткам. Тактап койчу нерсе, кеп анда биз бийликке келгенге чейин өлкө боюнча, анын ичинде бийик тоолуу, кышы узакка созулган Нарын облусуна дагы 700 кВт деген чектөө кирип калган маселе боюнча болчу.
Элдер “Ушул чектөөнү алып салсаңыздар, 700 кВт бат эле сарпталып, андан ашык жакканы үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп, бул оорчулук келип жатат” деп кайрылышкан. Мен жооп катары, “Муну алса болот. Азыр эмес, жазга чейин чыдай тургула” деп айткам.
Бул убадабызга турдук. Кийинки 2021-жылы жаздан баштап Нарын эле эмес, жалпы эле өлкө боюнча бийик тоолуу оор шартта жашаган 190 миң абонентке эч кандай чектөөсүз 1 сомдук тариф киргиздик.
Башкача айтканда мурдагыдай 700 кВт сааттан ашса 2 сом 16 тыйын деген норманы алып койдук. Ошондон бери 5-10 тыйындан кошулуп отуруп, азыр 1 сом 37 тыйынды түзөт. Эч кандай чектөө жок.
Мындан сырткары азыр мамлекеттик колдоого муктаж болгондорго, оор шартта жашаган жөлөк пулга муктаж болгон жарандар үчүн "Үй-бүлөгө көмөк" тарифи 1 кВт саат үчүн 50 тыйын, башкача айтканда керектөөсү 700 кВт саатка чейин жеңилдик берилүүдө.
— Сиз бийликке келгенде энергетика тармагындагы кырдаал өтө оор экенин айттыңыз эле. Муну ант берүү аземинде дагы тармактын карызы эле 137 млрд сом экенин айтып, өзүнчө белгилегениңиз эсибизде. Азыркы учурда кырдаал кандай?
— Кырдаал азыр беш жыл мурункуга салыштырсак кыйла жакшы. Туура айтасыз, 2021-жылдын башында энергетика тармагынын карызы 137 млрд сом же 1,5 млрд долларды түзгөн.
Энергетика тармагындагы жасалган реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 млрд сом карызы калды. Муну дагы кийинки жылдын аягына чейин толук кутулуп, киреше алганга чыгабыз деп турушат. Болгону 5 жылда ушундай жыйынтыкка жетиштик.
Кышкы тартыштык боюнча Кара-Көл ГЭСинин ачылышында айттым. Эки жарым жылдан кийин башка өлкөлөрдөн электроэнергияны импорт кылып албай, өз керектөөлөрүбүздү өз күчүбүз менен жаап баштайбыз, кышкысын өчүрүү болбойт деп турабыз.
(Текст өзгөртүүсүз берилди)