Акыркы убакта Бишкектеги “антикино” деген түшүнүк коомдо кызуу талкууга жем таштады. Көрсө, бул жерге көбүнчө өспүрүмдөр, жашы жете электер барып, ар кандай жаман иштер менен алек болушат экен. “Кино көрүү үчүн” деген шылтоо менен кирип, эшикти бекитип алышып, эмне кылышса да өз эрки. Эч ким текшербейт, эч ким көзөмөлдөбөйт. Бул жөн эле эс алуучу жай эмес, жаштардын кооптуу чөйрөгө түрткөн жай. Юристтер, психологдор жана укук коргоо органдары бул көрүнүшкө олуттуу чара көрүү зарылдыгын белгилешүүдө.
Юрист, адвокат Шердор Абдыкапаровдун айтымында, антикиного көбүнчө жашы жете элек өспүрүмдөр барышат.
– Мейманкага 5–10 миң сом кетсе, антикиного эки саатына миң сом экен. Ошондуктан ал жакка чоң кишилер деле көп барбайт. Көбүнчө 70–80% жашы жете электер барат. Алар ал жерде ар кандай жаман иштерге чейин барышат. Эч кандай көзөмөл жок. Кирип алып, эшигин бекитип алышат. Ичинде ким эмне кылып жатканынан эч кимдин кабары жок. Бул маселе көз жаздымда калбашы керек. Антикино боюнча бир топ маалымат топтоп келдик.
Антикинонун кызматкери Эмир Мирланов мындай дейт:
– Кабинканын ичинде камера жок. Сеанс бүтмөйүнчө кызматкерлердин киргенге укугу жок. Ар бир кардардын чөнтөктөрүн кагып текшере албайбыз. Бирок биз ичимдик сатпайбыз, сырттан алып келүүгө болбойт. Тамак-аш менен суусундуктарды өзүбүздөн алышат. Жаш курак боюнча чектөө бар — 18 жаштан өйдө гана кире алышат.
Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын өкүлү Жакшылык Алиев мындайча мүнөздөйт:
– Антикино менен кинонун айырмасы — антикиного 18 жашка чейинкилер жана 18 жаштан өткөндөр дагы барышат. Антикинодо шарттар түзүлгөн, тамак-ашы баары ичинде. Ичине киргенде кадимкидей бут кийимдерин чечишет. Ал эми киргенден кийин жаштар кандай иш менен алек болору белгисиз. Аны биз көзөмөлдөй албайбыз. Бул жерде акча киного эмес, убакытка төлөнүп жатат. Ал эми театрга эл чогу кирет, маданияттуу кино көрүп кайра чыгышат.
Психолог-профайлер Мээрим Мураталиева антикинону психологиялык жактан кооптуу көрүнүш катары баалайт. Анын айтымында, антикинодон рахат алгандар ага байланып калышы ыктымал.
– Мага келген кардарлардын арасында ушул антикиного баргандар да бар. Антикиного келгендер убактылуу рахат алып, ошол сезимди кайра-кайра самап бара беришет. Анткени ал жерде эч нерсе тоскоол болбойт, эч ким көзөмөлдөбөйт. Ар ким каалаганын кылат. Ал жерде мээ да иштебей калат, ошол үчүн ичимдик ичип көрөт, андан соң кыз менен эркек болсо жакын мамилеге чейин барышы мүмкүн. Бул нерседен рахат алгандар ошол нерсеге тартылып кала берет. Көп ата-энелер балдарын алып келишет. Алар менен сүйлөшкөндө: “Мага жашоо кызыксыз, менин үнүмдү эч ким укпайт, антикинодо өзүмдү жакшы сезем” деп айтышат.
Антикино — жөн гана эс алуучу жай эмес. Ал — жаштардын аң-сезимин жана жүрүм-турумун өзгөртүп жаткан кооптуу социалдык көрүнүш. Эгер бул маселе бүгүн көзөмөлгө алынбаса, эртең жаштардын келечегине зыян келтириши толук мүмкүн.