Садыр Жапаров тарыхта алгачкы жолу Мисирге расмий сапары менен барат
Новость

Президенти Садыр Жапаров Мисир Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча 4–5-ноябрда кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Мисир Араб Республикасына расмий сапар менен барат. Бул сапар Кыргызстандын Мамлекет башчысынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
 
“Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болот. 
 
Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир алакаларынын мындан аркы өнүгүшүнө негиз түзөт”, - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.