Бүгүн, кечки саат 19:31 чамасында Талас шаарынын борбордук базарынан өрт чыкты.
Алдын ала маалымат боюнча, Асанбек Оторбаев көчөсүндө жайгашкан "Нургазы" базарындагы контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 19:31де Талас шаардык №17 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.