Таластагы базарда өрт: 13 контейнер жабыркады
Новость

3-ноябрда кечки саат 19:31 чамасында Талас шаарынын Асанбек Оторбаев көчөсүндөгү “Нургазы” базарында өрт чыккан тууралуу маалымат Талас шаардык №17 Өрт-куткаруу бөлүмүнө түшкөн.

Кабар түшкөн замат эле 1 бөлүм саат 19:33тө окуя болгон жерге жетип, кошумча бөлүмдөр 19:38де тартылган. Өрт өчүрүү иштери саат 21:27де толук бүткөрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жалпы 250 чарчы метр аянт күйүп, 13 контейнердеги азык-түлүк жана чарбалык буюмдар жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.