Кыргызстанда айдоочуларды даярдоонун жаңы 14 айлык программасы ишке кирет. Бул тууралуу “Унаа” Мамлекеттик мекемесинен билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы жылдан тарта Кыргызстанда айдоочуларды даярдоонун 14 айлык жаңы программасы этап-этабы менен ишке ашырылат. Бул реформа окутуунун сапатын жогорулатууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Жаңы система 11-класстан баштап иштей баштайт. 14 айлык окуу цикли жол эрежелерин гана эмес, айдоо маданияты, жоопкерчилик жана тартип боюнча билимдерди да камтыйт. Бул жаш жарандарга жол кыймылынын толук катышуучусу болууга керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Реформа ошондой эле жеке автомектептердеги коррупцияны жоюуга багытталган. Айрым жеке мектептер акча алуу аркылуу күбөлүк берип, окутууну формалдуу кылаары аныкталган. Алардын ордуна жаңы мамлекеттик автомектептер түзүлүп, заманбап техника жана симуляторлор менен жабдылат. Онлайн окутуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин айтымында, реформанын негизги максаты — мөөнөттү узартуу эмес, айдоочулардын чыныгы билимине жана жоопкерчилигине негизделген заманбап системаны түзүү.