Мамлекеттик камсыздандыруу уюму унаа кырсыгынан жабыркагандарга кенемте төлөп берүүнү улантууда. Уюмдун Бишкектеги филиалы бул ирет 30дан ашык жаранга камсыздандыруу сертификатын тапшырды. Натыйжада, ОСАГО полисин алган айдоочулар кырсык учурунда экинчи тараптын чыгымын өз чөнтөгүнөн төлөбөй эле жапкан.
Жабыркагандардын көбү — унаасын башка транспорт сүзүп кеткен айдоочулар. Ошондой эле бир жабырлануучу коомдук унаадан кулап түшүп, жаракат алып, дарыланууга кеткен чыгымын камсыздандыруу аркылуу кайтарып алды.
Жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу айдоочулар үчүн маанилүү жеңилдиктерди берет. Кырсык болгон учурда ОСАГО полиси бар айдоочу кошумча чыгымга же узак талаш-тартышка барбастан, маселени тез арада чечип ала алат.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына караганда, бул ирет 32 жабырлануучуга жалпы 3 миллион сомдон ашык каражат төлөндү. Жалпысы жыл башынан бери ОСАГО полисин алган жарандарга 34 миллион сомго жакын камсыздандыруу төлөмү берилген.
Азыркы учурда борбор калаадагы автоунаалардын 40 пайыздан ашыгы мамлекеттик жана менчик камсыздандыруу компанияларынан полис алган.
Ошондой эле уюм калк арасында турак-жайларды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Айыл жергесинде турак-жай полисинин бир жылдык баасы 600 сомду түзсө, шаарда 1200 сом. Камсыздандыруу кырсык болгондо айыл жериндеги үйлөр үчүн 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейин каражат кайтарып берет.
Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу болсо 1068 сомдон башталат. Баа кыймылдаткычтын кубаттуулугуна жараша өзгөрөт. Мындай камсыздандыруу системасы коңшу мамлекеттерде көп жылдан бери ийгиликтүү колдонулуп келет.