“Мышык ыйлай турган абалдагы сот имараттары бар” — Жогорку Соттун төрагасы
Новость

Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев өлкө боюнча бардык сотторду кыдырып чыгып, алардын абалы менен жеке таанышканын Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда билдирди.

Анын айтымында, айрым жерлердеги сот имараттары элге кызмат көрсөтүүгө таптакыр ылайыксыз абалда.

“Мышык ыйлай турган абалдагы имараттар да бар. Соттун имараты — бул мамлекеттин жүзү. Ал элге кызмат кылышы керек. Эл отурган жайдан баштап, дааратканасына чейин шарт болушу зарыл”, — деди Сатыев.

Ал ошондой эле соттук отурумдардын узакка созулушунун бир себеби – сот залдарынын жетишсиздиги экенин белгиледи. Кээ бир соттордо он чакты судьяга болгону эки-үч зал гана бар.

“Процесстерди судьялар кезек менен өткөрүүгө аргасыз. Ошол себептен мөөнөттөр бузулуп, иштер созулуп жатат. Азыр сотторго кайрылуулар өтө көп, жүктөм ашыкча”, — деди төрага.