Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат
Новость

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү жаңы форматтагы күбөлүккө алмаштыруу акысыз жана сынаксыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын январь айынан тартып жарандар эски үлгүдөгү күбөлүктөрүн “Унаа” мамлекеттик мекемесине келип, акысыз жана экзамен тапшырбастан жаңысына алмаштыра алышат. Ал эми учурдагы 10 жылдык күбөлүктөр мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу тартибин жаңылоо боюнча реформа башталууда. Ага ылайык, жеке менчик авто-мектептер жабылып, алардын ордуна мамлекеттик авто-мектептер иштей баштайт.

Жаңы система боюнча айдоочуларды окутуу мөөнөтү 14 айга узартылат жана окутуу 11-класстан тартып башталат. Программа жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле экзамен тапшыруу жыл бою жүргүзүлүп, онлайн окутуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Жаңы тартип 2026-жылдан тарта күчүнө кирет.