Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда, Кочкор районунда жана Ак-Талаа районунун Акталчат-Казарман жолундагы Кара-Гоо ашуусунда 5–6 сантиметрге жакын кар жаады.
Жол чарба департаментинин Нарын аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Канатбек Кыдырбаев жолдордун жол тейлөө мекемелеринин көзөмөлүндө экенин билдирди. Анын айтымында, таң эрте жолчулар ашуу белдерге жана жолдун тайгак участкелерине инерттик материал чачып жатат.
Кыш мезгилине карата бардык ДЭУларда инерттик материалдар даярдалган. Жалпы керектеле турган 32 миң тонна кум-шагыл аралашмасынын 19 миң тоннасы жол жээктерине түшүрүлгөн.
Учурда облус аймагындагы бардык унаа жолдор ачык жана унаа каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө.