Каир шаарында Садыр Жапаров менен Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси жолугушту
Новость

Бүгүн, 5-ноябрда Каир шаарындагы «Аль-Иттихадия» Президенттик сарайында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Мисир Араб Республикасынын Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаровду Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды. 

Саламдашуудан кийин ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. 

Ардактуу кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. 

Андан соң салтанаттын жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий таанышуусу жана сүрөткө түшүү аземи болду. 

Салтанат аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.