Театр искусствосунун чеберлери Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын 100 жылдыгына карата эскерүү кечесин өткөрүү МинКабдын тескемеси менен улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын катарына киргизилип, мамлекеттик денгээлде белгиленүүдө.
Бүгүн, 5-ноябрда М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында кайталангыс талант ээлерин эскерүү мааракеси облустук алкакта өтүп, анда алардын бийлеп жаткан элесин чагылдырган эстелиги ачылып, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Алгач Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын чыгармачылыгы тууралуу маалымат берилип, театр өнөрпоздору тарабынан кош жылдыздар жараткан ролдору жана аткарган ырлары сахналаштырылды.
Элдик тамашалуу ыр-бийлери менен кыргыз элине эле эмес Москва, Ташкент, Алматы, Тбилиси шаарларында өнөрлөрүн тартуулап, жалпы журтка өнөрпоз жубайлар катары таанылган Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартова жаш кезинен эле театр дүйнөсүнө аралашкан.
К.Карасартова Нарында жаңыдан уюшулган колхоз-совхоз театрына кирип, Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» спектаклинде Какейдин образын жараткан. Ал өмүрүнүн көпчүлүгүн элүүдөн ашуун ар кандай ырларды аткарып, жүзгө жакын драмалык образдарды жараткан.
Ал эми Сейитказы Андабеков согуштан кайтып келгенден кийин 1946-жылы Тянь-Шань облустук драма театрына артист болуп кабыл алынат. Ал эң алгач “Кантың бар”, “Чекмурат”, “Жаштык” аттуу элдик ырларды жана дуэттерди аткаруу менен таанылган. С.Андабеков чыгармачыл өмүрүндө 100дөн ашык ар кандай каармандардын образын жаратып, драмалык чыгармаларда өзүн көрсөтө алган.
Сахнанын кош жылдыздары кыргыз тилиндеги ырлардан тышкары, казак, уйгур, өзбек элдеринин тамашалуу элдик ырлары менен дуэттерин аткарышкан.
2015-жылы Кыргыз Эл артисттери С.Андабеков жана К.Карасартова атындагы “Кош жылдыз” коомдук фонду түзүлгөн.