Кара-Кече кенинде көмүрдүн бир тоннасы 2460 сомдон жүктөлөт. Бирок айрым жеке тараптар мамлекет бекиткен баадан жогору сатып, элдин чөнтөгүнө оордук келтирип жатышат. Бул көрүнүшкө байланыштуу “Кыргызкөмүр” ишканасы өз алдынча көмүр ташыган унаалардын кенге кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизип, калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыздоону колго алды.
Министрлер кабинети ышты азайтуу максатында Бишкек шаары менен Чүй облусун кесек көмүр менен камсыздоо боюнча токтом кабыл алган. Атайын комиссия жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө жеке тараптар көмүрдү ашыкча баада сатып жаткандыгы аныкталды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мамлекет ачкан кампадагы көмүрдүн баасын 5800 сом, ал эми жеке тараптар үчүн 6600 сом деп бекиткен. Бирок айрым сатуучулар кырдаалдан пайдаланып, көмүрдүн тоннасын 8–9 миң сомдон сатууда. Көпчүлүк жарандар бул боюнча нааразы болуп, көзөмөл органдарына кайрылышкан.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Кумарбек Султангазиев билдиргендей, фактылар аныкталганда жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат. Ал эми көзөмөл органдары жарандардан тийиштүү арыз түшмөйүнчө же рейд маалында далил табылмайынча чара көрө албай турганын белгиледи.
Мындай жол менен жеке тарап элдин капчыгына күч келтирүүдө. “Кыргызкөмүр” ишканасы жеке тараптын бир рейстеги орточо эсеп-чотун алып көргөн.
Маселен, Кара-Кече кенинен бир тонна көмүр 2460 сомдон сатылат. Бир унаага орточо 27 тонна жүктөлөт. Мунун баасы 66 миң 420 сом болот. Айдоочунун эмгеги 13 миң сомду түзсө, барып-келүү үчүн 400 литр күйүүчү май сарпталат. Анын литрин 80 сом менен эсептегенде 32 миң сомду түзөт. Жалпы эсептегенде бир рейстин баасы 111 миң 420 сомго чамалайт.
Ошол эле учурда Бишкекте көмүрдүн баасы 6600 сомдон сатылганда, сатуучу 67 миң сомго чейин пайда көрөт. Ал эми 7500 сомдон саткан учурда бул сумма 90 миң сомдон ашып, элдин чөнтөгүнө күч келүүдө.
Суук түшүп, көмүргө суроо-талап жогорулаган учурда мындай жагдай элдин капчыгына оордук жаратты. Ошондуктан “Кыргызкөмүр” ишканасы жеке тараптардын Кара-Кече кенине кирүүсүн убактылуу токтотуп, көмүрдү түздөн-түз калкка жеткирүүнү күчөттү.
Учурда Бишкекке суткасына орточо 1,5 миң тонна көмүр ташылып келүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, калаа жана Чүй облусунда жалпы 46 кампа иштеп, элди жеткиликтүү баада кесек көмүр менен камсыздап жатат.