Балыкчыда кооптуу аймакта жашаган 6 үй-бүлөгө жаңы үйлөр берилди
Новость

Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарында 6 үй-бүлөгө жаңы курулган турак жайлардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 6-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында алты үй-бүлө үчүн курулган турак жайлардын ачкычтарын жана документтерин тапшырды. 

Аталган турак жайдын ээлеринин буга чейинки жашаган үйлөрү темир жолго жакын жайгашкандыктан (дээрлик 2 метр) кооптуу жана жашоого ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан улам шаар жетекчилигинин демилгеси менен аларды башка жака көчүрүү чечими кабыл алынып, жаңы турак үйлөр салынып берилген. 

Шаардын коопсуз аймагына салынган заманбап үйлөр 3 бөлмөлүү жана бардык тиричилик жабдыктары менен камсыздалган. 

Генерал Камчыбек Ташиев аталган 6 үй-бүлөнү жаңы турак жайлары менен куттуктады. Жаңы үйлөрдүн ээлери өлкө жетекчилигине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.