Адылбек Касымалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады
Новость

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

 “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын урматтуу өкүлдөрү! 
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!
1924-жылдын 7-ноябрында кыргыз тилинде чыккан “Эркин-Тоо” гезитинин алгачкы саны улуттук журналистиканын пайдубалы болуп саналат. Дал ушул тарыхый окуяга байланыштуу бул күн өлкөбүздө Маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет.
Маалымат адамдын жашоо-турмушунда ар дайым өзгөчө орунда турат. Айрыкча, бүгүнкү санариптешүү тездик менен өнүгүп жаткан күндө анын ролу ого бетер артты. Азыр маалымат жөн гана кабарлашуунун булагы болбостон, коомдук пикирди калыптандыруунун күчтүү куралына айланды.
Ушундай шартта сиздер, калем ээлери – мамлекет менен элдин ортосундагы маанилүү көпүрөсүздөр. Ошондуктан ар бир сөздүн тууралыгы, тактыгы жана маалыматтын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик өтө жогору экенин унутпоо зарыл. Анткени коомчулук дүйнөнү сиздер тараткан маалымат аркылуу кабыл алат.
Урматтуу журналисттер!
Сиздер аркалаган кесип – терең билимди, тынымсыз эмгекти, жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды жана ар-намысты талап кылган абройлуу иш. Сөздүн кудурети менен ишенимди бекемдеп, жарандык позицияңыздар аркылуу коомдун дүйнө таанымын калыптандырып келесиздер.
Мамлекеттик кызматтагылар болобу, же бизнес чөйрөсүндөгүлөрбү, же болбосо коомдук уюмбу же жөнөкөй жаранбы, айтор, бардыгынын ишмердигин талдап, эл алдында жоопкерчилигин күчөтүүдөгү эмгегиңиздерди жогору баалайбыз. Мына ошондуктан журналистиканы коомдун күзгүсү деп атайбыз, коомдун өнүгүүсү да журналистикага түздөн-түз байланыштуу деп белгилейбиз. 
Бүгүнкү күндө медиа тармагы доордун өзгөрүүлөрүнө ылайык өнүгүп, ошол эле учурда өзүнүн негизги кесиптик принциптерин сактап калуусу абдан маанилүү. Мындай шартта сынчыл ой жүгүртүп, фактыларды калыс баалай билген, окуяларды терең талдай алган, тез өзгөрүп жаткан медиа мейкиндигине шайкеш иштей билген журналисттердин арбышына тилектешмин. 
Кесиптик ишиңиздерде чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо жана ден соолук каалайм!
Сиздердин калемиӊиздер мындан ары да элдин ишенимин актай берсин!
Майрамыңыздар кут болсун!”.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)