Буга чейин Элеонора Нуралиева аттуу жаран УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган болчу.
Элеонора Нуралиева 1989-жылы туулган. Анын айтымында, төрөлгөндөн кийин апасы Кыргызстанга келип, төрт жашында өз кызын белгисиз адамдарга 1500 сомго сатып жиберген. Ошондон кийин ал 13 жашка чейинки мезгилде ар түрдүү адамдардын колунда чоңойгон. 13 жашынан тартып балдар үйүндө тарбияланып, билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калган.
19 жашында ал тун уулун төрөгөн. 2020-жылдан бери балдар үйүнөн чыккан жигит менен никесиз жашап келген. Алардын үч уулу бар (4 жашта, 2 жаш 4 айда жана 7 айлык). Бирок учурда балдардын атасы аларды каржылык же тарбиялык жактан жардам бербейт.
Э.Нуралиева мурда жашаган имараттардын биринде тигүүчү цехте иштеген. Бирок 2025-жылдын сентябрь айында каражаттын жетишсиздигинен улам батирден ажырап, үч кичүү баласы менен Бишкек шаардык мэриясынын “Аялзат” муниципалдык кризистик борборуна жайгашкан.
Анын 4 жаштагы уулу бронхиалдык оору, дерматит жана өнүгүүсүнүн кечеңдеши менен жабыркайт. Керектүү дары-дармектерди сатып алууга каражаты жок болгондуктан, Элеонора тиричилик кылуу үчүн тигүүчү машиналарды насыяга алган, бирок аны төлөй албай калган.
Элеонорунун оор турмуштук абалын эске алуу менен, УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев ага жана анын балдарына жардам көрсөттү. Ал Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батирдин документтерин жана ачкычын тапшырды. Мындан тышкары, Э.Нуралиеванын банктык карызы төлөнүп, паспорт алуу маселеси да чечилди.