Мамлекеттик салык кызматы быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 243 млрд сомдон ашык салык жыйнады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Биринчи радионун “Түз байланыш” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66 млрд сомго көп болуп, өсүү темпи 137%ды түздү. Салыштырмалуу айтканда, өлкөнүн экономикалык өсүү темпи 115%дын тегерегинде болсо, салык органдары 137% деңгээлде өсүшкө жетишти.
“Мамлекеттик бюджет жыл башында Жогорку Кеңеш тарабынан 268 млрд сом деп бекитилген. Бирок биз 10 айдын ичинде эле 243 млрд сомдон ашык салык жыйнап, планды ашыгы менен аткардык. Дагы бир жарым ай убактыбыз бар. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 298–300 млрд сомго чейин жеткирүү планыбыз бар. Демек, биз планды болжол менен 30 млрд сомго ашыгы менен аткарабыз”, — деди Мирлан Рахманов.