Ат-Башы районундагы Кында ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облусундагы аймактык бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы–Кында–Торугарт автожолунун 65–73-чакырымындагы Кында ашуусу кышкы мезгилде кардын калың жаашынан жана айрым тилкелеринде кар көчкү коркунучу жаралгандан улам жабылды. Район тургундарынын жана малчылардын коопсуздугун камсыздоо максатында район акими атайын буйрук чыгарган.
Буйрукка ылайык, Кында ашуусу 2026-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабык болот. Ошондой эле №20 жол тейлөө мекемесине аба ырайы жакшы болгондо зарылдыкка жараша жолду убактылуу ачып туруу тапшырылды. Ал эми ашуунун жабылгандыгы боюнча маалыматты элге убагында жеткирүү айыл өкмөт башчыларына милдеттендирилди.