Нарын: Нарын–Орук-Там жолу жазга чейин жабылды
Новость

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругуна ылайык, Нарын–Орук-Там унаа жолу 2026-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды.

Маалыматка караганда, жолдун Эки-Нарын айылынын 50-чакырымынан тартып, Капчыгай тилкесинин 75-чакырымына чейинки аралыгы каттам үчүн жабык болуп калды.

Бул чечим кышкы мезгилдеги аба ырайынын катаалдыгына, жолдун тейлөөгө мүмкүн болбой калгандыгына жана кар көчкү коркунучунун жогорулашына байланыштуу кабыл алынган. Максат — жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болгон материалдык чыгымдардын алдын алуу.

Мындан тышкары, Чет-Нура жана Дөбөлү айыл өкмөт башчыларына жолдун жабылгандыгы тууралуу калкты маалымдоо тапшырылды. Ал эми №8 жол тейлөө мекемесине жол каттамы ачылганга чейин атайын эскертүү белгилерин орнотуу, кооптуу тилкелерди көзөмөлдөө жана коопсуздук эрежелерин сактоо милдеттендирилди.