Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Бишкекте Виктор Козодойдун "Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы" китебинин бет ачарына катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Бишкек шаарында россиялык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Козодойдун “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы” аттуу китебинин бет ачарына катышты

Мамлекеттик катчы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан саламдашуу сөзүн сүйлөдү. 

Ал Виктор Козодойдун эмгегинин руханий жана символикалык маанисин баса белгилеп, китеп жөн гана илимий изилдөө эмес, кыргыз элинин тарыхый мурасына болгон терең урмат-сыйдын жана маданий жандануунун көрүнүшү экенин белгиледи.

“Биз көрүнүктүү орус окумуштуусунун эмгеги аркылуу кылымдардын тереңинен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, руханий дүйнөсүнүн жана улуттук өзгөчөлүгүнүн башаттарын ачып берген тарых барактары аркылуу кайра жанданып жаткан учурдун күбөсү болуп турабыз. Бул китеп – мейкиндик менен убакыттын чегин жеңип өтө алган цивилизацияны жараткан ата-бабалардын мурасына болгон терең урмат-сыйдын көрүнүшү”, – деп белгиледи Марат Иманкулов. 

Президенттин тапшырмасы боюнча китептин автору, профессор Виктор Козодойго кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде эстелик белек тапшырылды.

Мамлекеттик катчы өз кайрылуусунда профессор Козодойдун илимий эмгеги кыргыз жана орус илимий мектептеринин ортосунда бекем көпүрө катары кызмат кыларын баса белгилеп, чыныгы илим элди бириктирип, руханий жана маданий диалогдун өнүгүшүнө салым кошорун ырастады.

Марат Иманкулов сөзүнүн аягында “Сибирь кыргыздарынын цивилизациясы” жаңы муунду өз тарыхын таанып билүүгө шыктандырып, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө түрткү болсун деп тилек кылды.