Камчыбек Ташиев чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды
Новость

Бүгүн, 11-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтарын тапшырды. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен УКМКнын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаңы турак жай комплекси «Карамык» чек ара заставасында курулуп, 18 бир бөлмөлүү жана 2 эки бөлмөлүү батирден турат. Комплекс аймагында балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, көмүр кампасы, казанкана, трансформатордук подстанция жана суу сактагычтар каралган. Ички жолдор жана унаа токтотуучу жайлар да жасалган.

Камчыбек Ташиев ачкычтарды тапшырууда чек арачылардын социалдык камсыздалышынын маанилүүлүгүн белгиледи:

«Чек ара кызматы өлкөнүн коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууда, айрыкча жетүүгө кыйын бийик тоолуу райондордо өзгөчө жоопкерчиликти аркалайт. Өлкө чек арасында күн сайын күзөттө тургандарга татыктуу шарттарды түзүүгө милдеттүү».

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, бир жарым жылда толук аяктады.