Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында Таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев заводдун тесттик режимдеги ишин көрдү.
Муниципалдык ишкана толук кубаттуулукта иштеген учурда, күнүнө 60 тонна шагал жана 1000 м³ бетон аралашмасын даярдоого мүмкүнчүлүккө ээ.
Курулуш үчүн республикалык бюджеттен 32 млн сом бөлүнүп, жалпы Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдук программага киргизилген. Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом жумшалды.
Натыйжада 10 жаңы жумуш оруну түзүлүп, заводдон түшкөн киреше жергиликтүү бюджетке кызмат кылат.