Кыргыз-тажик чек арасы Кыргызстан койгон шарттар менен чечилди — Ташиев
Новость

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы кыргыз тараптын шарттарынын негизинде чечилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы чек ара кызматкерлерине үй тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселесин чечүү — президенттин башкы тапшырмасы болгон.

“Чек ара такталмайынча чыр-чатактар бүтпөйт, ошондуктан кандай болсо да бул маселени чечүү керек деген тапшырма берилген. Президент чек араны тактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилигине мени дайындаган. Бирок билесиздер, чек араны тактоо маалында абдан көп кыйынчылыктар болду — ызы-чуулар, куралдуу кагылышуулар болуп, адамдардын өмүрү кыйылган”, — деди Ташиев.

Ал белгилегендей, Өзбекстан менен чек ара 2022-жылы такталып, 2023-жылы расмий түрдө жыйынтыкталган. Андан соң Тажикстан менен чек ара боюнча иштер улантылып, чекит 2025-жылдын башында коюлган.

“Быйыл чек ара толук такталып бүттү. Мамлекеттер аралык чоң келишимге кол коюлуп, мындан ары чек ара боюнча талаш-тартыш болбойт. Чек ара 1991-жылдагы картанын негизинде, кыргыз тарап койгон шарттар менен чечилди. ‘Бир да метр жерди бербейбиз’ деп айтканбыз — бир да метр жер берилген жок. Бирок айрым алмашуулар болду, анткени кыргыз жана тажик айылдары аралаш жайгашып, шахмат сыяктуу болуп калган. Андай жерлерде чек ара сызыгын өткөрүү өтө татаал болду”, — деп кошумчалады ал.