Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоганга аскердик учактын кырсыкка кабылышына байланыштуу көңүл айтты.
“Азербайжан Республикасынан Түркия Республикасына бара жаткан аскердик учагы кырсыкка учураганын терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.