Президент Садыр Жапаров Талас облусуна иш сапары менен барды
Новость

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Талас шаарындагы «Баластан» шаарчасынын курулушуна капсула салды.

Балдарга арналган оюн-зоок багытындагы «Баластан» борборунун жалпы аянты 7 гектарды түзөт. Ал Талас шаарындагы О.Шамбетов көчөсүндө, Талас аэропортунун жанында жайгашкан.

Заманбап шарттарга ылайык курула турган шаарчада балдар жана чоңдор үчүн оюн-зоок жайлары, боулинг, музей, кинотеатр, дүкөн жана башка объектилер болот. Мындан тышкары, Кытайдан атайын гид-роботторду алып келүү да пландалууда.

Курулуш иштери Талас шаарынын мэриясы менен «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 1 миллиард сомду түзөт.