Ташиев: Марттын аягына чейин бир дагы майнинг-ферма иштебейт
Новость

Кыргызстанда март айынын аягына чейин бир дагы майнинг-ферма иштебейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим энергетика министри менен биргеликте кабыл алынган.

”Эгер кимдир бирөө майнинг-фермасын иштетүүгө аракет кылса, катуу жазага тартылат. Ошондой эле бардык мамлекеттик органдарга, министрликтерге, ведомстволорго жана мекемелерге кечки саат 18:00дөн кийин электр энергиясын толугу менен өчүрүү тапшырмасы берилди.
 Кээ бир министрликтерге кирсең, түнү менен кондиционерлер иштеп турат. Эртең менен жылуу болсун деп, кетип баратып күйгүзүп кетесиңер — мындай болбойт! Энергетиктер бул маселени катуу көзөмөлгө алышы керек. Сыртта 20-30 градус суук деле жок, ошондуктан энергияны сарамжалдуу пайдаланалы. Эч бир жерде атайлап жарык өчүрүлбөйт, анткени кудайга шүгүр, энергия жетиштүү. Бирок баары бир үнөмдөп пайдалануу керек.
 Урматтуу Президент да, министрлер да ушул тууралуу айтып жатышат. Туура, быйыл суу аз болуп, энергия өндүрүү кыскарды, бирок ошого карабастан, элди камсыздап, кыштан чыгып кетебиз.
 Айрым бузукулар атайлап жарык өчүрүлүп жатат деп жалган видео таратып жатышат. Дагы бир жолу баса белгилейм: атайлап жарык өчүрүлбөйт”, — деди Ташиев.