"Эт кымбаттаса — жооп бересиңер!" Ташиев кимдерге катуу талап койду?
Новость

Кыргызстандын аймагында эт жана азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

— Акыркы 3–4 күндөн бери эл менен жолугуп, алардын пикирин угуп чыктым. Азыркы тапта өлкөдө эң чоң көйгөйлөрдүн бири — эт менен азык-түлүктүн баасынын негизсиз өсүшү. Өкмөт бул боюнча тиешелүү чараларды кабыл алган. Токтомдо эт жана азык-түлүк бааларын көтөрбөө боюнча так көрсөтмөлөр берилген. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк жерде бул талап сакталбай жатат, — деди Ташиев.

УКМКнын төрөгасынын айтымында, учурда базарларда эттин баасы 700–900 сомго чейин жеткен. Ал эми өкмөттүн токтомунда 1 кг эттин баасы 680–700 сомдон ашпашы керектиги көрсөтүлгөн.

— Изилдеп көрсөм, малды тапшыруучулар этти дүң баада 450–500 сомдон өткөрүшөт экен. Бирок сатуучулар аны эки эсеге чейин кымбаттатып жиберишүүдө. Эгер 450–500 сомдон алынса, эң көп дегенде 600 сомдон сатылышы керек. Ошондуктан баалардын негизсиз өсүшүнө жол берилбеши зарыл, — деди УКМК төрагасы.

Ташиевдин айтымында, мындан ары эт жана азык-түлүк баалары өкмөттүн токтомуна ылайык Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, жергиликтүү бийлик, акимдер жана мэрлер тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.

— Эгер кайсы бир аймакта эттин баасы жогорулап кетсе, анда ошол жердин акими, мэри же губернатору түздөн-түз жооп берет. Шылтоо болбойт, — деп кошумчалады Камчыбек Ташиев.