Ташиев: Саат 22:00дөн кийин кафе-ресторан, түнкү клубдар иштебеши керек
Новость

“Жер-жерлерде Тынчтык мыйзамы сакталбай жатат. Мындан кийин саат 22:00дө кафе-ресторандардын, оюн-зоок борборлору жана түнкү клубдардын иши токтотулсун. Эгер кайсы жерде мыйзам сакталбай калса, акимдер, губернаторлор, мэрлер жана жергиликтүү бийлик органдары жооп берет”, — деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Ташиевтин айтымында, “Тынчтык жөнүндө” мыйзамы боюнча тойканалар, оюн-зоок борборлору жана түнкү клубдар саат 22:00дө ишин токтотушу керек, ал эми элге таңкы саат 07:00гө чейин тынчтык берилиши милдеттендирилген. Бирок бул талап аткарылбай жатат.

"Жакында эле кесиптешибиздин тоюна барып калдым. Алардын тою түнкү саат 00:00гө чейин уланды, эч ким унчуккан жок. Андан кийин жакында Жалал-Абадда туугандарыбыздын тою дагы түнкү саат 23:00гө чейин уланды. Демек, жер-жерлерде Тынчтык мыйзамы аткарылбай жатат", — деди ал.

Ташиев шаар мэрлери, райондун акимдери, облустун губернаторлору жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берди: саат 22:00дөн кийин бардык тойлор, кафе-ресторандар, түнкү клубдар жана оюн-зооктордун иши токтотулушу керек. Ресторандардын жарыгы саат 22:10до толук өчүшү зарыл. 

“Эгер кимдир бирөө мыйзамга баш ийбесе, губернатор, аким, мэр жана жергиликтүү бийлик органдары жооп берет”,-деп кошумчалады генерал Ташиев.