Астана шаарында Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны болду
Новость

Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өттү.

Жолугушууда эки мамлекеттин Президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин буга чейинки жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын жыйынтыгында кол коюлган маанилүү документтер, анын ичинде 2025–2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү План жана 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча Жол картасынын ишке ашырылышын сүйлөштү. 

Тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-ноябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Астана шаарына жумуш сапары менен барды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске салсак, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 13-жыйынына катышат.