“Кызым, өзүңдү унутуп койбо: гинекологго бар, тиш доктурга бар” деп айымдарга мээримдүү кеңешин берген “Сайра апа” образын көрсөңүз керек. Жасалма интеллекттин жардамы менен жаралган бул видео социалдык тармактарда желдей тарап, миңдеген көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Айрым айымдар ал тургай “Сайра апанын” айтканын угуп, өзүнө кам көрө баштаганын да жазып чыгышты. Эл арасында кызыгуу жараткан бул образ ким? Идея кайдан чыкты? Дал ушул роликтин автору УТРКнын “Айымдар” берүүсүндө “Сайра апа” долбоорунун жаралуу тарыхын кенен баяндап берди.
Каарманыбыз Бурулай Мырзакметованын айтымында, ролик жарыялангандан кийин жеке билдирүүсүнө каттар көп келе баштаган. Айрыкча декретте отурган айымдар көп байланышка чыгып, жалпы 200дөн ашуун эне бул долбоордун алкагында үйдө отуруп эле кошумча киреше табуунун жолдорун үйрөнүшкөн.
"Долбоордун атын “Сайра апа” деп койгонумдун себеби — жаш кыз-келиндерибизге акыл-насаат айтып, жакшы сөздөрдү “сайрап” турсун дедим. Проекттин башкы максаты — айымдардын өзүнө болгон ишенимин бекемдөө, күчүн, акылын, баалуулугун таанытууга жардам берүү. “Сайра апанын” тарыхы өзүмдөн башталат. Көп убакыт карьерага берилген бойдон жүрүп, төрөп декретке чыктым. Азыр бир уул, бир кыз — эгиз балдардын энесимин. Декретте отурганда: “Кандай нерсе жарата алам? Менин дагы кандай потенциалым бар?” — деп издене баштадым. Ошондо азыркы замандын талабы — Жасалма интеллект чоң мүмкүнчүлүктөрдү берерин түшүндүм. Ушул багытта өзүмдү сынап, бир пайдалуу нерсе жараткым келди. Натыйжада, декретте отурган айымдарга дем-күч берүү үчүн ушул долбоорду иштеп чыктым", — дейт долбоордун автору Бурулай Мырзакметова.