"Кыргызфармация": Мамлекеттик ооруканалар үчүн дары-дармектин баасы 5 эсе арзан
Новость

"Кыргызфармация" сатып алган дары-дармектердин баасы 4–5 эсеге төмөн. Бул тууралуу Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” программасында аталган ишкананын Эл аралык кызматташтык, санариптик жана маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Анарбек Алимахунов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 300дөн ашык медицина мекемеси бар жана алардын ар бири буга чейин дары-дармектерди өз-өзүнчө сатып алып келген. "Кыргызфармациянын" түзүлүшүнүн башкы максаты — бардык мекемелерге дарыны бирдиктүү тизмеден, дүң сатып алуу жолу менен арзаныраак камсыз кылуу.
“2,5 жылдан бери биз өлкөдөгү бардык мекемелерден тизмени алып, дары-дармектерди түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алып жатабыз. Кыргызстандын рыногу чакан болгондуктан, бааны дагы да төмөндөтүү үчүн биз коңшу өлкөлөрдүн да бааларын бириктирип, консолидациялык сатып алууларды жүргүзүүнү пландап жатабыз. "Кыргызфармация" сатып алган дары-дармектердин баасы 4–5 эсеге төмөн. Анткени, биз дары-дармектерди түздөн-түз, ортомчусуз сатып алабыз”— деди Алимахунов.

Ошол эле учурда ал “Кыргызфармация” жеке аптекаларга дары сатып бере албай турганын, ишкана бир гана мамлекеттик мекемелерди камсыз кыларын баса белгиледи.
Мамлекеттик ишкананын директору Талант Султанов да "Кыргызфармациянын" өсүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ишкана 2,5 жыл мурун түзүлгөн жана алгачкы жылы дары алып келүү үчүн 1 млрд сом бөлүнгөн. 2024-жылы ишкананын эффективдүүлүгү таанылып, мамлекеттик ооруканалар тарабынан 4 млрд сомго дары-дармек алууга буйрутма берилген. Быйыл сатып алууларды 6 млрд сомго чейин жогорулатуу пландалууда.