“Кыргызфармация” швед компаниясы Elekta Solutions AB менен Gamma Knife аппараты үчүн контракт түздү. Бул жабдуу мээнин шишиктерин, кан тамырдагы аномалияларды жана функционалдык бузулууларды хирургиялык операциясыз жана жалпы наркозсуз дарылоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов Биринчи радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай жабдуу эң жакын Россияда жана Стамбулда гана болушу мүмкүн. Gamma Knife негизги өзгөчөлүгү — бир сеанста мээнин ичиндеги рак шишиктерин дарылай алуу. Бул сеанс бир сааттын ичинде бүткөрүлөт, ал эми чет өлкөгө барып дарылануу өтө кымбатка турат. Кыргызстанда болсо дарылоо жеткиликтүү жана арзаныраак болот.
“Азыркы тапта мамлекеттик башчынын тапшырмасы менен Кыргызстанга эң мыкты рак ооруларын дарылоочу аппарат алынып келинет. Анын аты — “Гамма-Нож” (Gamma Knife). Бул жабдуу башка коңшу өлкөлөрдө жок. Эң жакын Россияда жана Стамбулда гана бар болу мүмкүн. Анын баасы 400 млн сомду түзөт. Негизги өзгөчөлүгү — бир сеанста мээнин ичиндеги рак шишиктерин дарылай алуу, жана ошол сеанс бир сааттын ичинде бүткөрүлүшү мүмкүн. Чет өлкөдөн дарылануу өтө кымбатка түшөт, ал эми Кыргызстанда дарылоо жеткиликтүү жана арзаныраак. Биз ойлойбуз, бул аппарат Саламаттык сактоо тармагына чоң жардам берет деп,” — деди ал.
Долбоор президенттин тапшырмасы менен, анын жеке фондунан бөлүнгөн каражат жана Медициналык академия, Онкология борбору, Кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте ишке ашырылууда. Тендердик процедура аяктап, үч күн мурун биринчи төлөмдүн 10 пайызы жүргүзүлгөн. Жабдуу азыр өндүрүшкө кирип, жакынкы аралыкта Кыргызстанга жеткирилет.
Аппарат Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын (КГМА) базасында түзүлө турган Стереотаксикалык радиохирургия борборуна орнотулат.