Бүгүн, 17-ноябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) барды.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышат.