Биринчи керектөөдөгү азык-түлүктүн баасына мамлекеттик мониторинг улантылууда. Бул ишке Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Монополияга каршы агенттиктин кызматкерлери тартылып, ири соода дүкөндөрүндө коюлган баалар такталууда. Өткөн аптада жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин айрым соода түйүндөрүндө баалар төмөндөй баштаганы байкалууда.
Акыркы күндөрү өзгөчө эттин баасы коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты. Бир кезде 750 сомдон сатылган эт 950 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок тиешелүү токтом боюнча баа 700 сомдон ашпашы керек. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да бул талаптар аткарылбай жатканын белгилеп, жооптуу кызматкерлерге эскертүү берген. Билдирилгендей, баанын өсүшүнө ортодогу «чайкоочулардын» мыйзамсыз аракеттери да себеп болууда.
Эттин баасы жыл башынан бери 20 пайыздан ашык кымбаттаган. Анын алдын алуу максатында август айында уй жана кой этине жыл аягына чейин бааны жөнгө салуу боюнча токтом кабыл алынган.
Мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү биринчи керектөөдөгү азыктардын баасын негизсиз кымбаттатып алган дүкөндөрдө жана дүң базарларда рейддерди уланта берерин билдиришти. Эрежени сактоодон баш тарткан соода жайларына мыйзамга ылайык жаза колдонулат.