Октябрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык дүң резервдери 7 миллиард 955 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарынын анализинде айтылган.
Маалыматка ылайык, эл аралык дүң резервдер:
- 2025-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу — 401 миллион долларга,
- 2024-жылдын октябрь айына салыштырмалуу — 3 миллиард доллардан ашык көбөйгөн.
Улуттук банк бул резервдердин негизги бөлүгүн валюталык интервенциялар үчүн колдонуп, сомдун курсун турукташтырууну улантып келет.