Нарын шаары менен Түркиянын Низип жана Кахраманказан шаарларынын ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.
Түркия өлкөсүнө Нарын облусунан иш сапар менен барган делегеттар Анкара шаарынын Кахраманказан району жана Газиантеп облусунун Низип шаарларынын өнөр жайы, маданияты менен таанышты.
Нарын шаардык мэриясынын маалыматына караганда, иш сапардын алкагында Нарын шаары менен Низип жана Кахраманказан шаарларынын ортосунда достук мамиле менен кызматташуу боюнча меморандум түзүлүп, шаар башчылары тажрыйба алмашууну үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында өз ара биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу жолугушуу учурунда соода экономика, илим-билим жана технология, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, гуманитардык багыттарда байланышууну белгилеп, Низип жана Кахраманказан шаар башчыларын Нарын шаарына келип кетүүгө чакырды.
