УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында социалдык отун базаларына арналган көмүрдү коммерциялык түйүндөр аркылуу жогорулатылган баада ташып чыгуу жана сатуу боюнча мыйзамсыз схемаларды аныктады.
Маалыматка караганда, айрым адамдар жеке баюу максатында көмүрдү социалдык базалардан буруп, коммерциялык жайларда кымбат баада саткан. Бул аракеттер социалдык отун базаларында көмүр тартыштыгын жаратып, калк арасында суроо-талаптын өсүшүнө, тынчсызданууга жана натыйжада баанын көтөрүлүшүнө алып келгени белгиленет.
Ачыкка чыккан схемалардын айрымдары төмөнкүлөр:
- Жеке менчик жүк ташуучу унаалардын ээлери социалдык отун базаларына көмүр жеткиребиз деген шылтоо менен жеке ишкерлер (социалдык отун базаларынын ээлери) менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кара-Кечеден көмүрдү биринчи кезекте жүктөп, Бишкекке жеткирген. Алар көмүрдү социалдык базага эмес, түз эле коммерциялык жайларга түшүрүп, ал жакта жогорулатылган баада сатууга берген. Мунун кесепетинен социалдык базалар иштеп турганы менен көмүр үзгүлтүк менен гана түшүп, элге аз өлчөмдө сатылган.
- Жеке ишкерлер (социалдык отун базаларынын ээлери) өздөрүнө бөлүнгөн көмүрдү атайылап чакан партиялар менен башка жеке коммерциялык сатуу пункттарына ташып, ал жактан кымбат баада сатышкан. Ошондой эле көмүрдү иргеп, мүшөккө салып, чекене баада максималдуу пайда үчүн башка пункттарда сатып келишкен.
Азыркы учурда УКМК бул фактылар боюнча материалдарды каттап, мыйзамсыз схемаларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тергөө-оперативдик иштерди улантууда.