Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Борбордук Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумга катышты. Иш-чарага Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда да катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы экономиканын өсүшү төртүнчү жыл катары менен 9 %дан жогору болуп жатканын белгиледи. 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10,0 %ды түздү, 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 трлн сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү.
«Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Өсүштүн негизги драйверлери болуп курулуш, өнөр жай жана тейлөө сектору саналат, алардын өнүгүшү ички суроо-талап, инвестициялар жана масштабдуу инфраструктуралык демилгелер менен колдоого алынууда. Экономикалык активдүүлүктүн жогору болушу экономиканы модернизациялоого, инвестициялык климатты жана атаандаштык чөйрөнү жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик башкаруу тармагында реформаларды жүргүзүүгө багытталган мамлекеттин натыйжалуу чараларына негизделген», - деген ал жана экономикага ири инфраструктуралык долбоорлор да олуттуу түрткү бергенин кошумчалады.
Адылбек Касымалиев 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 159 миң жумушчу орун түзүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 эсеге көбөйгөнүн билдирди. 2025-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,9 %га көбөйдү.
Анын айтымында, экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугу эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан белгиленген. Ушул жылы Кыргызстандын кредиттик рейтинги «B+» деңгээлине чейин көтөрүлдү.
Бүгүнкү күндө ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу сөз кылып жатып, Министрлер кабинетинин башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкына жана БАЭК программасына өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз учурдагы ийгиликтер жакында эле кабыл алынган Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган дымактуу милдеттер үчүн негиз экенин түшүнөбүз. Программанын башкы максаты – жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу. Бул үчүн мамлекет адамга багытталган өсүү моделин курууда, мында экономикалык өнүгүү калктын жашоо сапатын түздөн-түз жогорулатат», - деди ал, Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагындагы максаттуу багыттарга жана өнүгүү векторлоруна токтолуп.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстандын аймактагы эң ири рыноктордун ортосундагы стратегиялык жайгашуусу, өлкөнүн эмгектик потенциалынын негизи катары жаш калкы, бай жаратылыш ресурстары, уникалдуу маданий жана жаратылыш мурасы, либералдуу экономикасы жана дымактуу долбоорлорду ишке ашырууга болгон бекем саясий эрки инвестициялар жана бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын баса белгиледи.
«Белгилей кетким келет, илбирс Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таанылган жана Президентибиз белгилегендей, Кыргызстан динамикалуу өнүгүп жаткан жана дүйнөгө ачык өлкө катары Борбордук Азиянын илбирсине айланат. Байыркы кыргыз элинин маданиятында илбирс улуулукту, асылзаттыкты, тайманбастыкты, эрдикти жана туруктуулукту символдоштурган. Биз сиздерди Борбордук Азиянын илбирсинин өнөктөшү болууга чакырабыз. «Келгиле, биргелешип динамикалуу, туруктуу жана гүлдөгөн келечекти куралы», - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.