Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Борбор Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтыгынын алкагында өткөн Кыргызстандын аймактык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумга катышып жатып билдирди.
Касымалиев өлкө экономикасынын өсүшү төртүнчү жыл катары менен 9%дан жогору болуп жатканын белгиледи. Ушул жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10 пайызды түздү, 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 трлн сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү.