1-декабрдан тартып оң рулдуу таксилерге тыюу салынып, лицензиялары текшерилет
Новость

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-декабрынан тартып такси кызматы менен алектенген айдоочулардын лицензиялык талаптары күчөтүлөт. Ошондой эле оң рулдуу унаалар такси катары иштөөгө тыюу салынат.

Башкармалык айдоочуларды лицензия алууга зарыл документтерди алдын ала даярдап, акыркы мөөнөт — 2025-жылдын 1-декабрына чейин тапшырууга чакырат.

Лицензия алуу үчүн жеке жактар төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

  • транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү;
  • техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу актынын көчүрмөсү;
  • жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилик боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
  • автомобилдерди күн сайын рейске чыгаруу алдында техникалык жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн тиешелүү базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
  • тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү (айдоочулук стаж– кеминде үч жыл болушу шарт);
  • ден соолуктун абалы жөнүндө белгиленген формадагы медициналык маалымкат;
  • соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат.

Маанилүү: оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон жарандарга лицензия берилбейт.