Такси кызматтарына лицензияларды текшерүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, такси айдоочулары арасында лицензия алуу үчүн узакка созулган кезек жаралып, көпчүлүк белгиленген убакытка чейин документ тапшырууга үлгүрбөй жатышкан. Мунун негизинде айдоочулар тарабынан бир топ кайрылуулар түшкөн.
Ушундан улам, бүгүн ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеев лицензия алуу пунктундагы айдоочулар менен жолугуп, кырдаалды жеринде көрдү. Ал узакка созулган кезекти азайтуу, кызматкерлер үчүн да, айдоочулар үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырма берди.
Мындан сырткары, Козукеев ишемби күндөрү да иш улантыларын, түшкү тыныгуу убактысы кыскартыларын белгилеп, айдоочуларга айып салуу жана рейддик иш-чаралар 2026-жылдын 1-февралына чейин токтотуларын билдирди.
Ошондой эле такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме (Информационная система заказа такси) аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши ушул мөөнөткө чейин үзгүлтүксүз уланары айтылды.
Такси кызматтарына лицензияларды берүү өлкөнүн бардык аймактарындагы ЖКККББ бөлүмдөрүндө улантылары белгиленди.