Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү: бардык аймактарда жарманкелер уюштурулууда
Новость

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республиканын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери өткөрүлүүдө. Жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин уланат.

Ар бир райондо апта сайын атайын график боюнча өткөрүлүп, азыктар базардагыдан арзан баада сатылууда. Жарандар бир аптага жетерлик тамак-аштарды сатып ала алышат.

Министрлик билдиргендей, республика боюнча негизги азык-түлүк продукцияларынын кору жетиштүү, тартыштык жок. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыз кылуу жана сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда. Мындай демилгелер айыл чарба тармагын колдоп, региондордун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот.