Бишкекте «Маяк» рейди өтүүдө: 140 миң сомдон ашык айып салынды
Новость

Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы “Маяк” аттуу профилактикалык рейд жүргүзүүдө. 

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын жарык жана үн сигналдары күйүп келе жаткан тез жардам унаасына айдоочулардын жол берүүсү текшерилүүдө.

Эреже бузуп, тез жардамга жол бербеген айдоочулар дароо токтотулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында салынган айыптардын жалпы суммасы 140 миң сомдон ашты.