Кыргызстандын Улуттук статистика комитети калкка микрокредит берүү боюнча 2025-жылдын январь–сентябрь айларындагы жыйынтыктарды жарыялады. Маалыматка караганда, 9 айдын ичинде жалпы 796,8 миң жаран микрокредит алган.
Берилген микрокредиттердин жалпы суммасы 63,2 млрд сомду түздү.
Аймактар боюнча алганда, эң көп микрокредит алгандар Бишкек шаарында — 258,7 миң адам. Мындан тышкары, Ош облусу (126,8 миң), Жалал-Абад облусу (108,7 миң) жана Чүй облусу (84,9 миң) да алдыңкы катардан орун алышты.
Микрокредит алган жарандардын пайыздык бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй болду:
Бишкек ш. — 33%
Ош облусу — 16%
Жалал-Абад облусу — 14%
Чүй облусу — 11%
Карыздардын негизги багыттары:
Керектөө багытындагы кредиттер — 62%
Айыл чарба — 15%
Соода тармагы — 10%
Транспорт жана байланыш — 3%
Курулуш — 3%
Башка максаттар — 7%
Статистика комитетинин маалыматына караганда, микрокредиттер көбүнчө керектөө муктаждыктарына берилип жатканы байкалат