Ак-Талаа районунда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү багытында акыркы жылдары маанилүү жылыштар байкалууда. Айрыкча өлкөбүздүн сыймыгы — Арашан породасындагы койлордун саны жана сапаты өсүүдө.
Баетов айылынын тургуну, жеке ишкер Мамытбаев Надырбек өз чарбасында Арашан породасын ири талаптарга жооп берген деңгээлде өстүрүп, жогорку натыйжага жетишти. Анын чарбасындагы Корабль-2 линиясынын небере кочкору 15 000 долларга бааланып, Nissan Rok автоунаасына айырбашталышы — кыргыз мал чарбасында чоң ийгилик катары бааланууда.
Бул көрсөткүч өлкөдө селекциялык иштердин өсүп жатканын, фермерлердин сапатка умтулуусун жана ички рынокто асыл тукум малдын баалуулугунун жогорулап жатканын айгинелейт.
Айыл чарба министрлиги фермерлерди, мал багуучуларды жана чарбаларды асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырат. Арашан сыяктуу улуттук селекциянын баалуу породаларын жайылтуу — аймактарды өнүктүрүү, айыл чарба экономикасын бекемдөө жана экспорттук потенциалды жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам.
Өлкөбүздүн асыл тукум мал чарба базасын кеңейтүү — жалпы улуттун экономикалык өсүшүнө салым кошо турган орчундуу иш. Ар бир фермерди бул саамалыкты колдоого, сапаттуу продукция өндүрүүгө жана селекциялык иштерди күчөтүүгө чакырабыз.