Манас райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Новость

Бүгүн, 26-ноябрда Талас облусунун Манас районунда, райондук прокуратурасынын жаңы имараты ачылды. 

Жаңы имаратты Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев салтанаттуу түрдө ачып, өз сөзүндө жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишин сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө, жарандарды укуктук жактан ыкчам жана натыйжалуу тейлөөгө, ошондой эле кызматкерлер үчүн бардык шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болоорун билдирди.

Манас райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.

Манас райондук прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1982-жылы курулган эски имаратта иштеп келишкен. Имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган. 2 кабаттан турган заманбап имаратты курууга республикалык бюддеттен 17 млн сом каражат бөлүнгөн.