Кыргызстан алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин чыгарган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Бул тууралуу Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” түз уктуруусунда Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Ал Кыргызстан өлкө тарыхында жана дүйнө боюнча алгачкылардан болуп алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин – USDKG чыгарылганын маалымдады.
Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстан буга чейин да СНГ мейкиндигинде улуттук санарип сомду чыгарган алгачкы өлкө катары белгилүү болгон. Эми болсо алтынга байланган мамлекеттик стейблкоин чыгарып жатат.
Финансы министрлиги белгилегендей, USDKG дүйнөлүк криптовалюта рыногундагы чоң жүгүртүүлөргө чыккан USDT, USDC сыяктуу стейблкоиндерден айырмаланып, реалдуу баалуу металлга байланган мамлекеттик инструмент болуп саналат.
Ошондой эле Кыргызстан быйыл евробонддорду да биринчи жолу чыгарган. Министрликтин айтымында, өлкө жакынкы аралыкта финансылык хаб болуп, Гонконг менен атаандаша ала турган деңгээлге жетүүнү максат кылууда.