Тигүү тармагындагы көйгөйлөр жакын арада чечилет
Новость

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тигүү өнөр жайындагы маселелер да талкууланды

"Бизге түздөн-түз тапшырма берилген. Бул маселе чечилет. Биздин ички өндүрүүчүлөрдүн, тигүү цехтеринин маселеси да талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Биз булардын үстүнөн иштейбиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Россияга кийим-кече ташыган тигүүчүлөрдүн товарлары 2-3 айдан бери Россиянын чек арасынан өтпөй турганы айтылган. Бул жагдай тигүү цехтеринин ишин кыйла солгундаткан.

Коңшу Казакстандын Транспорт министрлиги унаалардын кезегинин пайда болушун Россия жактан текшерүүлөрдүн күчөшү менен байланыштуу экенин белгилеген. Россия тарап болсо, жүктөрдүн документтерине, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча жаңы чаралар киргизилгенин маалымдаган.