ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда
Новость

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

Президент Садыр Жапаров Беларусь лидери Александр Лукашенкону, Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаевди, Россиянын лидери Владимир Путинди жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонду тосуп алды. 

Саламдашуу аземинен жана биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери сүйлөшүүлөр залына бет алышты.